Кыргызстанда жылуулук сезонуна даярдык көрүү аяктап калды

Кыргызстанда жылуулук сезонуна даярдык көрүү аяктап калды. Бүгүнкү күнгө карата иштердин дээрлик 90 пайызы аткарылды. Имараттар жана энергетикалык объектилердин жабдуулары оңдолуп жатат.

 

Бишкек ЖЭБиндеги буу казандар дагы жылуулук сезонуна даярдалды. Бир аз кечигүү менен болсо дагы сактоочу жайларга көмүр жеткирилди.

 

Быйыл 400 миң тонна кара отунду Казакстандан сатып алуу пландалып жатканын буга чейин Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирген. Бул кыш мезгилинде электр энергиясын берүүдө чектөөлөрдү киргизбөө үчүн жасалууда.