Республикага чет мамлекеттерден унаа ташып келүү көрсөткүчү өсүүдө

Республикага чет мамлекеттерден унаа ташып келүү көрсөткүчү өсүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жыл башынан берки 8 айда өлкөгө 21 миң 500 жеңил машине алынып келди.

 

Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу дээрлк 3 эсе көп. Импорттолгон унаалардын жалпы баасы 200 миллион доллардан ашат. Көбүнчө транспорт биздин өлкөгө Грузия, Россия, Корея жана АКШдан ташылууда.