Чек ара жаңжалында жабыркаган баткендиктерге 19 миллион сомго насыялары чийилди. Андан тышкары, 28 миллион сомго барабар 138 кредит боюнча шарттар жеңилдетилди.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, жалпысынан каржы-кредиттик уюмдарга 400дөн ашык жарандан арыз келип түшкөн. Мекемелер аларды изилдеп, банк мыйзамдуулугуна жараша чечим чыгаруусун улантууда.