Ысык-Көлдө туристтер үчүн сервистик борборлор курулат

Ысык-Көлдө туристтер үчүн сервистик борборлор курулат.

 

Бул тууралуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди. Анын айтымында, Дүйнөлүк банк каржылаган долбоорго ылайык, 5 объектти түзүү пландалууда.

 

Имараттарда маалыматтык борборлор, кичи дүкөндөр, кафетерий жана медициналык кабинет жайгашат. Курулуш иштери 2024-жылга чейин аяктайт. Келечекте мындай борборлор Ош облусунда дагы пайда болот.