Баткен облусунда 3 айыл аймактын жана 10 айылдын аталышы өзгөртүлдү

Баткен облусунда 3 айыл аймактын жана 10 айылдын аталышы өзгөртүлдү. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Ага ылайык, Марказ айыл аймагы Айрыбаз, Халмион айыл аймагы Исхак-Полотхан, Маргун айылы Кең-Талаа айыл аймагы деп өзгөртүлдү.

 

Андан тышкары Валакиш айылы Тегирмеч, Ноогардан айылы Ак-Өргө, Халмион айылы Жеңиш, Даргаз айылы Кереге-Таш, Дархум айылы Жети-Таш, Маргун айылы Мурас, Чурбек айылы Үч-Булак, Мурза-Патча айылы Ак-Босого, Коммуна айылы Сары-Дөбө айылы деп өзгөртүлдү. Мыйзам 2023-жылдын  1-январынан тартып күчүнө кирет.