2022-жылдагы эң популярдуу туристтик багыттар аталды

2022-жылдагы эң популярдуу туристтик багыттар аталды. ForwardKeys компаниясы түзгөн рейтингдин сап башында Доминикан Республикасы жайгашты. Бул өлкөгө пандемияга чейинки көрсөткүчкө салыштырмалуу, 5 пайызга көп туристтер келди.

 

Экинчи орунда 2020-жылга чейинки туристтердин санын сактап калган Түркия турат. Андан кийинки позицияларда Коста-Рика, Мексика, Ямайка, Бангладеш, Греция, Египет жана Португалия жайгашат.