Кыргызстанда туристтик ишкердүүлүк, мейманкана жана ресторандардан салык төгүмдөрү көбөйгөнү катталды.
Бул тууралуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди. Анын айтымында, жыл башынан берки 9 айда республикалык бюджетке салык катары 643 миллион 740 миң сом түштү. Ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч 587 миллион сомду түзгөн болчу.
Кенжематова кошумчалагандай, январдан сентябрга чейин Кыргызстанга дээрлик 5 миллион турист келди