«Грэмми» музыкалык сыйлыгына номинанттар белгилүү болду

Британ ырчысы Адель, швециялык ABBA, америкалык Бейонсе жана башка аткаруучулар “Грэмми” музыкалык сыйлыгында негизги категория үчүн ат салышат. «Жылдын альбому» номнациясына ABBA, Адель, Бейонсе, Лиззо жана Гарри Стайлс, Бэд Банни жана CОldplay кирет. Жалпысынан “Грэммиге” номинанттар 91 категорияда көрсөтүлгөн. Номинациялардын саны боюнча лидер Бейонсе. Ал… Кененирээк…

Оштон Жиддага Шарм-эль-Шейх аркылуу каттам ачылды

Оштон Сауд Аравиянын Жидда шаарына Шарм-эль-Шейх аркылуу чартердик каттам ачылды. Бул тууралуу “Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аба каттамдар жумасына 3 жолу – шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү аткарыла баштады. Белгиленген багыт аркылуу биринчи каттамда 169 жүргүнчү катталды.

ИИМ: соцтармакта чагымчыл маалымат жарыялагандар жоопкерчиликке тартылат

Ички иштер министрлиги өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзам негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, соңку күндөрү социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирүүлөр активдүү жарыяланууда. Учурда өлкөдө коомдук-саясий абал туруктуу. Күч түзүмдөрү… Кененирээк…

Жалал-Абадда майыптыгы бар жарандардын республикалык фестивалы өттү

Жалал-Абад облусунда республикалык масштабдагы “Бирге көтөргөн жүк жеңил болот” аталышындагы фестиваль өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнөн билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага облус аймагынан келген 200дөн ашуун майыптыгы бар жарандар катышып, ыр-бий, спорттун жети түрү боюнча күч сынашты. Республикалык фестиваль “ДМЧ- ЛОВЗ” коомдук фонду тарабынан демилгеленип, облустук… Кененирээк…

«Кыргызкөмүрдүн» директору энергетика министринин орун басары болду

Мирлан Жакыпов энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Белгилеп кетсек, жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин «Кыргызкөмүр» ишканасынын директору кызматын аркалап келген.

Эртең Бишкектин бир бөлүгүнө суу берүү токтотулат

Эртең, 17-ноябрда Бишкектин бир бөлүгүнө суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейин Бишкектин Абакан көчөсү, Дэн Сяопин, Кустанай, Профсоюз, Волкова, Садыгалиев, Безымянный көчөлөрү, темир жол линиясы менен чектешкен аймактарда суу убактылуу болбойт. Муниципалитеттен белгилешкендей, «Киркомстром» суу алгычындагы… Кененирээк…

«Массалык маалымат каражаттары» жөнүндө талаштуу мыйзам кайра иштелет

Кыргыз бийлиги «Массалык маалымат каражаттары» жөнүндө талаштуу мыйзам долбоорунун айрым беренелерин кайрадан карап чыгууга макул болду. “Азаттыктын” маалыматына ылайык, президенттик администрация мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн медиа сектордун 20 өкүлүнөн турган жумушчу топ түзүп, андан соң документ экспертиза үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүлмөй болду. ЖМК… Кененирээк…

Ушул күндөрү унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар

Ушул күндөрү унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар жаайт. Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайы жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак… Кененирээк…

Кыргызстанда Эл аралык билим берүү жумалыгы башталды

Бишкекте 15-ноябрда Кыргызстандын абитуриенттери менен таанышуу үчүн Эл аралык билим берүү жумалыгы ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарага билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жана АКШ элчилигинин башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Кей Джи Мур катышты. Токтобүбү… Кененирээк…