Кыргызстанга жыл башынан бери 5 миллион турист келди
Кыргызстанга жыл башынан бери 5 миллион турист келди. Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематованын айтымында, жалпысынан өлкө аймагына 6 миллион келсе, анын дээрлик 5 миллиону Кыргызстанды саякаттоо максатында тандаган. Чиновник кошумчалагандай, учурда өлкөнүн туристтик тармагындагы инфраструктураны жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу уланууда.