Мунай ташуучулар Унаа жана жолдор министрлигинин айдоочулардан кошумча акча чогултуу демилгесине каршы чыкты

Мунай ташуучулар Унаа жана жолдор министрлигинин айдоочулардан кошумча акча чогултуу демилгесине каршы чыкты. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.

 

Анын айтымында, буга чейин ведомство май куюучу станцияларда сатылган күйүүчү материалдын ар бир литрине салык киргизүүнү сунуштаган. Чогулган каражат жолдорду оңдоого жумшалмак. Эшатов белгилегендей, бул максатта башка механизмдерди ойлоп табуу керек.

 

Болбосо, бензиндин баасы дагы бир нече сомго кымбаттап, калк эле кыйналат.