Кыргызстандыктар ипотека алуу үчүн алгачкы төлөмдү Кепилдик фондунан ала алат

Кыргызстандыктар ипотека алуу үчүн алгачкы төлөмдү Кепилдик фондунан ала алат. Уюм Мамлекеттик ипотекалык компания менен келишим түздү. Фонд төрагасы Малик-Айдар Абакировдун айтымында, алгачкы төлөм 15 жылга жылдык 8 пайыз үстөгү менен берилет.   Анын ортосунда, бул эреже Бишкек жана Ош шаарларына тиешелүү болбойт. Кепилдик фодунан… Кененирээк…

Денис Петрашов Австралиядагы дүйнөлүк чемпионатка даярданып жатат

Кыргызстандык Денис Петрашов Австралияда өтүп жаткан сууда сүзүү боюнча дүйнөлүк чемпионатка даярданууда. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, суучул 50, 100 жана 200 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча күч сынашат. Чемпионатка 173 өлкөдөн 850 спортчу катышууда. Байге фонду 2 миллион долларды түзөт.

Карантинге жабылган мектептер онлайн окутууга өтөт

Курч респиратордук вирустар жана сасык тумоого чалдыккандардын көбөйүшүнө байланыштуу карантинге жабылган мектептер онлайн окутууга өтөт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул учурда мугалимдердин айлыгы толук төлөнөт. Эске салсак, учурда Чүй облусунда алты, Бишкекте сегиз, Талас облусунда 113 мектеп жана 70 бала бакча карантинге жабылган. Кошумчаласак,… Кененирээк…

Таласта бардык мектептер менен бала-бакчалар карантинге жабылды

Таласта курч респиратордук вирустар жана сасык тумоого байланыштуу бардык мектептер менен бала-бакчалар карантинге жабылды. Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, мындай чара бүгүнтөн тарта 24-декабрга чейин күчүндө болот. Бул аралыкта балдар билимин онлайн улантышат. Аймакта 113 мектеп, 70 бала бакча бар. Эске салсак, буга чейин Бишкекте 8,… Кененирээк…

Кыргызстанда 7 миңден ашуун жаранга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү

Ушул жылдын 6-13-декабрь аралыгында Юстициялык жардам кызматы тарабынан калкка юридикалык жардам көрсөтүү декадасы өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам жана калкка укуктук билим берүү башкармалыгынын башчысы Айчүрөк Камаева билдирди. Анын айтымында, декаданын жүрүшүндө 7280 адамга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү.… Кененирээк…

Кыргызстанда шекер кошулган суусундуктарга салыкты көбөйтүү пландалууда

Кыргызстанда шекер кошулган суусундуктарга салыкты көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ведомстводон белгилешкендей, алкоголдук ичимдиктер, тамеки, шекери көп суусундуктар калктын биринчи муктаж азыктары эмес, андыктан аларга салыкты жогорулатуу менен саламаттык тармагындагы каржылоону жакшыртуу максаты көздөлүүдө. Белгилеп кетсек, быйылкы изилдөөлөргө ылайык, өлкөдө студенттердин 70… Кененирээк…

Месси Батистутанын 20 жылдык рекордун жаңылады

Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси дүйнө чемпионатында киргизген голдорунун саны боюнча командасында рекорд койду. Хорватия менен беттеште Месси 34-мүнөттө пенальтини ийгиликтүү аткарды. Футболчу үчүн бул анын дүйнөлүк чемпионатка катышкандагы 11-голу болду. Месси бул жыйынтыкка 25 оюндан кийин жетише алды. Муну менен Габриэль Батистутанын 20 жылдан бери… Кененирээк…

Түркмөнстан өзүнүн интернетин түзөт

Түркмөнстан өзүнүн интернетин түзөт. Жергиликтүү тармакты өнүктүрүү боюнча токтомго мамлекет башчысы Сердар Бердымухамедов кол койду. Белгилеп кетсек, быйыл Түркмөнстан интернеттин ылдамдыгы боюнча дүйнөдө акыркы орунду ээледи. Орточо көрсөткүч секундасына 1 мегабиттен аз. Дүйнөдө мындай жыйынтыктар мындан 20 жыл мурун норма катары кабыл алынчу. Өлкөдө Facebook,… Кененирээк…

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон 17-декабрда ачылат

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон 17-декабрда ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, расмий иш-чара тоо лыжа базаларынын биринде өтөт. Иш-чаранын алкагында эс алуучулар арасында түрдүү сынактар, өнөрпоздордун катышуусундагы концерттик программа жана оюндар уюштурулуп, түрдүү байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт,… Кененирээк…

Бишкекте сегиз мектеп бүгүнтөн тарта карантинге жабылды

Бишкекте сегиз мектеп бүгүнтөн тарта сасык тумоодон улам карантинге жабылды. Мэриянын маалыматына караганда, ордо калаанын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору Билим берүү башкармалыгы менен 50 мектепте балдардын окууга келүүсүн текшерди. Жыйынтыгында шаардагы №6, 60, 28, 54, 59, 72, 95чи жана 103чү билим берүү мекмелеринде окуучулардын 20… Кененирээк…