Таласта курч респиратордук вирустар жана сасык тумоого байланыштуу бардык мектептер менен бала-бакчалар карантинге жабылды.
Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, мындай чара бүгүнтөн тарта 24-декабрга чейин күчүндө болот.
Бул аралыкта балдар билимин онлайн улантышат.
Аймакта 113 мектеп, 70 бала бакча бар.
Эске салсак, буга чейин Бишкекте 8, Чүй облусунда 6 мектепке карантин киргизилген.
Кошумчаласак, адистер күн сайын эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүүдө.
Эгер мектепте же бала бакчада балдардын 20 пайызы ооруп келбей калса, объектти карантинге жабуу чечими кабыл алынат.