Кыргызстанда шекер кошулган суусундуктарга салыкты көбөйтүү пландалууда

Кыргызстанда шекер кошулган суусундуктарга салыкты көбөйтүү пландалууда.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ведомстводон белгилешкендей, алкоголдук ичимдиктер, тамеки, шекери көп суусундуктар калктын биринчи муктаж азыктары эмес, андыктан аларга салыкты жогорулатуу менен саламаттык тармагындагы каржылоону жакшыртуу максаты көздөлүүдө.

Белгилеп кетсек, быйылкы изилдөөлөргө ылайык, өлкөдө студенттердин 70 пайызы тез татымдан тамактанып, таттуу суусундуктарды колдонору аныкталган.