Бишкекте сегиз мектеп бүгүнтөн тарта карантинге жабылды

Бишкекте сегиз мектеп бүгүнтөн тарта сасык тумоодон улам карантинге жабылды.

Мэриянын маалыматына караганда, ордо калаанын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору Билим берүү башкармалыгы менен 50 мектепте балдардын окууга келүүсүн текшерди.

Жыйынтыгында шаардагы №6, 60, 28, 54, 59, 72, 95чи жана 103чү билим берүү мекмелеринде окуучулардын 20 пайызы мектепке келбей жатканы аныкталган.

Натыйжада, балдар онлайн окууга өттү.

Эске салсак, буга чейин Чүйдөгү алты мектепке сасык тумоодон улам карантин киргизилгени кабарланган.