Карантинге жабылган мектептер онлайн окутууга өтөт

Курч респиратордук вирустар жана сасык тумоого чалдыккандардын көбөйүшүнө байланыштуу карантинге жабылган мектептер онлайн окутууга өтөт.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул учурда мугалимдердин айлыгы толук төлөнөт.

Эске салсак, учурда Чүй облусунда алты, Бишкекте сегиз, Талас облусунда 113 мектеп жана 70 бала бакча карантинге жабылган.

Кошумчаласак, адистер күн сайын эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүүдө.

Эгер мектеп же бала бакчада балдардын 20 пайызы ооруп келбей калса, объектти карантинге жабуу чечими кабыл алынат.