Бишкектин жаңы конуштарын газдаштырууга үстөксүз насыя берилет
Бишкектин жаңы конуштарын газдаштырууга үстөксүз насыя берилет. Бул тууралуу калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, мындай колдоо аз камсыз үй-бүлөлөргө көрсөтүлөт. Чиновник бүгүнкү күндө 27 конушту газга кошууга мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады. Калган 20 жаңы конушту газдаштыруу бир нече жылдын ичинде жүргүзүлөт.