Бишкектин жаңы конуштарын газдаштырууга үстөксүз насыя берилет.
Бул тууралуу калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
Анын айтымында, мындай колдоо аз камсыз үй-бүлөлөргө көрсөтүлөт.
Чиновник бүгүнкү күндө 27 конушту газга кошууга мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады.
Калган 20 жаңы конушту газдаштыруу бир нече жылдын ичинде жүргүзүлөт.