Кыргызстандын бардык облустарында жаздан баштап Мамлекеттик матрезервдер фондунун кампалары курулат.
Учурда үч кампаны, анын ичинде Баткен облусунда да курулушка даярдыктар жүрүп жатат, — деди Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев.
Министрлер кабинетинин башчысы курулуш иштерин тездетүү зарылдыгын белгиледи.
Анткени бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга тийиштүү биринчи маселе.
Керектүү каражат бөлүнөт, — деди Акылбек Жапаров.