Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоордук кеңсе ачылды

Бишкекте Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоордук кеңсе ачылды.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, бул жерде биргелешкен чаралар координацияланат.

Күтүлгөндөй, бул долбоорду ишке ашыруу процессин тездетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Буга чейин маалым болгондой, темир жолду куруу долбоорунун техникалык, экономикалык негиздемеси быйыл 1-июнга чейин даярдалат.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу бул үч өлкөнүн Жакынкы Чыгыш, Түштүк Европага барчу жолун дээрлик 900 чакырымга кыскартат. Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында «Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад» багыты аркылуу өтүүгө тийиш.