Майлуу-Суудагы 810 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди

Майлуу-Суудагы 810 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жакыр үй-бүлөлөргө ун, май жана кумшекер түрүндөгү азык-түлүк топтому таратылды.

Жардам Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 12-январдан тарта суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган.

Учурда үч откананын экөө калыбына келтирилип, шаардыктардын 68 пайызына жылуулук берилди.

Ал эми таза суу жеткиреле элек.

Аймакта 30миңге чукул эл жашайт.