Өзбекстан Кыргызстанга автобус каттамын жандантты

Өзбекстан бир жумага созулган тыныгуудан кийин Кыргызстанга автобус каттамын жандантты. Массалык маалымат каражаттары билдиргендей, автобустар Россия менен Казакстанга да каттай баштады. Белгиленгендей, жакынкы убакта эл аралык автобустук каттамдардын саны көбөйтүлөт. Эске салсак, транспорттун ишиндеги үзгүлтүккө катуу суук себеп болгон.

WhatsAppта өзүнө-өзү билдирүү жөнөткөн функция пайда болду

WhatsAppта өзүнө-өзү билдирүү жөнөткөн функция пайда болду. Мындай мүмкүнчүлүк учурда бардык колдонуучуларга жеткиликтүү. Телефон номер байланыштар тизмесиндеги «билдирүү жөнөтүү» белгисин басканда чыгат. Функция эскерүүлөрдү, эскертүүлөрдү, шилтемелерди жана сүрөттөрдү адамдын өзүнө жөнөтүүгө мүмкүндүк берет. Мессенджердин жаңы мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу үчүн тиркеменин эң акыркы версиясын жүктөө керек.

Кыргызстанда ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун төртүнчү туру башталды

Бүгүн Кыргызстанда жогорку окуу жайларга контракттык негизде кышкы кабыл алуунун 4-туру башталды. Билим берүү министрлиги билдиргендей, ал 28-январга чейин уланат. Каттоого сунушталгандардын тизмеси анын эртеси белгилүү болот. Кабыл алуунун толук жол-жобосу министрликтин сайтында жеткиликтүү. Белгилеп кетсек, биринчи, экинчи жана үчүнчү этапта 300дөн ашык адам жогорку… Кененирээк…

GoBus кызматынын Караколго билеттери февралга чейин сатылды

GoBus кызматынын Караколго билеттери февралга чейин сатылды Бул тууралуу Кыргызстандын туризмин өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Елена Калашникова билдирди. Анын айтымында, 1-февралга чейинки билеттердин баары мобилдик тиркеме аркылуу сатылды. “Билеттердин баарынын сатылышы калк арасында бул кызмат керек экенин айгинелейт”, — дейт ал. Эске салсак, GoBus кызматынын… Кененирээк…

Токтогулдагы суунун көлөмү азауюда

Токтогулдагы суунун көлөмү азауюда. “Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн башкы резервуарында 9 миллиард 889 миллион куб метр суу бар. Суунун агып келиши секундасына 112 куб метр болсо, керектөө 863 куб метрди түзүүдө. Буга байланыштуу энергетиктер керектөөчүлөрдү жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Өзгөн районундагы Большевик кыштагында жаңы мектеп курулду

Өзгөн районундагы Большевик кыштагында 225 орундуу жаңы мектеп курулду. Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, аталган айылда буга чейин мектептин имараты болгон эмес. Курулуш Сауд Арабиясынын өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды. Мектеп жакында пайдаланууга берилет. Белгилеп кетсек, билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда авариялык абалдагы 245 мектеп бар.… Кененирээк…

Илимий даражасы барлардын кошумча төлөмү жогорулайт

Кыргызстанда илимдин доктору жана кандидаттардын илимий даражасы үчүн төлөнгөн кошумча акы 50 пайызга көтөрүлөт. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, 1-январдан тарта илимий, педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына кошумча төлөмдөр белгиленди. Ага ылайык илимдин доктору даражасы… Кененирээк…

Кыргызстанда майдан тарта электр энергиясы кымбаттайт

Кыргызстанда электр энергиясы кымбаттайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, май айынан тарта электрдин тарифи 77 тыйындан 1 сомго көтөрүлөт. Мамлекет башчысы энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү эске салды. Анын ичинде электр жабдыктардын эскиргени, 137 миллиард сомдук карыз, импорттолгон электр энергиясына көз карандылык өңдүү маселелер… Кененирээк…

Гурбангулы Бердымухамедов улут лидери макамына ээ болду

Гурбангулы Бердымухамедов улут лидери макамына ээ болду. “Азаттык” жазгандай, Түркмөнстанда Халк Маслахаты деп аталып келген парламенттин жогорку палатасы жоюлду. Ал расмий түрдө өзүнчө турган эң жогорку бийлик органы катары жарыяланып, өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов жетектейт. Ал эми Улут лидери макамына ээ болду. Учурдагы президент… Кененирээк…

Электр кубатын бөлүштүрүүчү жеке компаниялардын саны кыскартылды

Кыргызстанда электр кубатын бөлүштүрүүчү жеке компаниялардын саны кыскартылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Маалыматка ылайык, учурда ортомчу компаниялардын саны 28ден 12ге чейин кыскарды. Оптимизация мамлекет башчынын тапшырмасы менен жүргүзүлүүдө. Мындай иштер электр энергиясын берүү процессинен ортомчулар толук четтетилгенге чейин уланат.