Кар көчкү түшүп жабылып калган Чаткалдагы жол ачыла элек

Кар көчкү түшүп жабылып калган Чаткалдагы жол ачыла элек.

Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымында кар көчкү түшүү коркунучу кайрадан сакталып тургандыктан трасса тазаланган жок.

Эске салсак, Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы аталган жолго кечээ 7 миң 725 куб метрлик кар көчкү түшүп, толугу менен жабылып калган.