Чаткалда кар көчкү түшүп, каттам эки тараптуу жабылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун аймагындагы Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымына кар көчкү түшүп жол толугу менен жабылып калды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 7 миң 725 куб метрге жетет.

Учурда жол тейлөө ишканасынан жана Чаткал айыл аймагынан тартылган эки техника тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.