ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Кыргызстандын аймагында 11-январдан тарта аба ырайы кескин төмөндөп, кар жаап, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомство алыскы жолго чыгууда дарылардын топтомун, ысык суу, жол азыгын, күрөк жана дөңгөлөк чынжырчасын ала жүрүүнү сунуштайт.

Мындан тышкары, унаалар ортосунда 500 метр аралык сакталуусу зарыл.