«Камбар-Ата-1» ГЭСин куруунун “жол картасы” боюнча макулдашууга кол коюлду

«Камбар-Ата-1» ГЭСин башкаруу үчүн Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов билдирди.

Биргелешкен ишкана “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарат жана анын 34 пайызы Кыргызстанга таандык болот.

Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33 пайыздан бөлүнөт.

«Ал ишкана Кыргызстанда катталат жана баары тең биздин колдо болот”, — деди Жакыпов.