Кыргызстанда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды

Жаңы жылдан тарта Кыргызстанда мамлекеттик жана ири иш-чараларда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды.

Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов кол койду.

Документке ылайык, эми театрда, кинозалда, музейде, клубда, китепканаларда жана спорттук имараттарда фонограмма менен ырдоого болбойт.

Талап аткарылбаган учурда иш-чараны өткөргөндөр жана ошол жайдын жетекчиси жоопко тартылат.