Кыргызстанда кезектеги мамлекеттик ишкана түзүлдү – Кыргызфармация
Кыргызстанда кезектеги мамлекеттик ишкана түзүлдү – Кыргызфармация. Анын максаты – калкты жана мамлекеттик медициналык мекемелерди жеткиликтүү баада дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыздоо. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Каржы министрлигине быыйл “Кыргызфармацияга” 500 миллион сом бөлүп берүү тапшырмасы берилди.