Ошто шаарды көрктөндүрүү боюнча үч айлык жарыяланды

Ош шаарында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча үч айлык жарыяланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-мартынан 31-майына чейинки үч айлыктын иш планы белгиленди. Үч айлыктын алкагында калаа аймагын жашылдандырууга, турак жайлардын жана имараттардын фасаддарын сырдоого,… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлдү

Борбор калаанын кээ бир жерлеринде  жарык өчүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык электр тармактары ишканасы билдирди. Маалыматка караганда, бул күнү жабдыктар текшерилип, оңдоо иштери аткарылат. Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар: 9:00-17:00 — 5-кичи райондогу № 57 үй, Чүй, Эркиндик проспектилеринин бөлүктөрүндө, Медеров, Бектенов, Кольцевой, Жакыпов,… Кененирээк…

Билим берүү тармагын реформалоо үчүн улуттук демилге түзүлдү

Бишкекте 28-февралда билим берүү тармагын реформалоо үчүн “Билимдүү Кыргызстан” улуттук демилгеси түзүлдү. Уюмга коомдук-саясий ишмерлер, билим берүү тармагындагы эксперттер жана мекемелер кирет.   Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин кеңешчиси Аслан Койчиев, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, бир катар коомдук ишмерлер, саясатчылар жана билим… Кененирээк…

Акыркы 13 жылда республиканын туруктуу калкынын саны 1 миллион 573 миң адамга же 29 пайызга өстү

Акыркы 13 жылда республиканын туруктуу калкынын саны 1 миллион 573 миң адамга же 29 пайызга өстү.   Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Өткөн жылы жүргузүлгөн калкты каттоонун жыйынтыгы менен Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 6 миллион 936 миң адамды түздү.   Анын ичинде 2 миллион… Кененирээк…

Кыргызстанда бала бакча ачуу үчүн талап кылынган аккредитация бүгүн, 1-марттан тарта жокко чыгарылат

Кыргызстанда бала бакча ачуу үчүн талап кылынган аккредитация бүгүн,   1-марттан тарта жокко чыгарылат. Бул тууралуу билим берүү министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев билдирди.   Мыйзам долбоор бала бакчаларды, жеке мектептерди ачуудагы бюрократиялык көрүнүштөрдү жоюу жана талаптарды жеңилдетүү, мугалимдердин кагаз иштерин азайтуу, билим берүү деңгээлин баалай… Кененирээк…

Россия Кыргызстанга 40 өрт өчүрүүчү унаа тапшырды

Россия Кыргызстанга 40 өрт өчүрүүчү унаа тапшырды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн ордо калаанын эски аянтында атайын техниканы салтанаттуу кабыл алуу иш-чарасы өтөт.   Өрт өчүрүүчү машинелер эки өлкөнүн президенттеринин буга чейинки макулдашуусунун негизинде грант катары берилди.