Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдын баасы төмөндөп жатат

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдын баасы төмөндөп жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Алсак, 24-январдан 24-мартка чейин отундун бардык түрүнө баалар арзандаганы катталды. Аи-95 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 4 сом 29 тыйынга, ал эми 92-бензиндин литри 4 сом 77 тыйынга төмөндөдү.

 

Аи-80 – 5 сомго, солярканын литри 73 тыйынга арзандады. Учурда эң кымбат бензин жана дизель Исфанада сатылууда – 1 литринин наркы  64 сом 40 тыйынга жетти.