Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу боюнча 3 өлкөнүн сүйлөшүүлөрү уланууда

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу боюнча 3 өлкөнүн сүйлөшүүлөрү уланууда. Бул тууралуу 24 агенттигине Энергетика министрлигинен билдиришти.

 

Ведомстводон эскертишкендей, долбоорду ишке ашыруу боюнча жол картасына Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан кол койгон. Учурда өлкөлөр келечектеги пландар, кызматташуу жана объектти тургузуу жолдорун талкуулап жатат.

 

Ошол эле мезгилде курулушка даярдыктар кызуу жүрүүдө. Азыркы тапта көпүрөлөрдү курууга аянттарды аныктоо жана электр линияларын өткөрүү иштери аткарылып жатат.