Жумгалда 100дөн ашык үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

Жумгалда 100дөн ашык муктаж үй-бүлө «социалдык контракт» долбоорунун алкагында 100 миң сомдук сертификаттарды алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда 30 жаранга сертификат тапшырылды. Каражат алгандар жеке ишкерлик баштап, жакырчылыктан чыгууга аракет кылыш керек.

Бишкектин айрым райондорунда 6-апрелде суу болбойт

Бишкектин айрым райондорунда 6-апрелде суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 20:00гө чейин Панфилов, Манас, Фрунзе көчөлөрү, темир жол линиясы менен чектешкен аймакта жайгашкан турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жай ишканаларына… Кененирээк…

Кара-Сууда 250 муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы жалпы мечиттерде масштабдуу кайрымдуулук иш-чаралары уюштурулууда. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата район боюнча жалпы 249 аз камсыз болгон, оорулуу жана жалгыз бой энелерге ун, өсүмдүк майы сыяктуу зарыл азык-түлүктөрдөн турган жардамдар таратылды. Жардамдын… Кененирээк…