Жогорку Кеңешке Ленин райондук бир мандаттуу округу боюнча депутатты шайлоо үчүн бюллетендердин тексти 11-майга чейин бекитилет

Жогорку Кеңешке Ленин райондук бир мандаттуу округу боюнча депутатты шайлоо үчүн бюллетендердин тексти 11-майга чейин бекитилет. БШК маалыматына ылайык, 23-майга чейин документтер даяр болуп, 27-майда бардык аймактык шайлоо тилкелерине жеткирилет.   Эгер талапкер бюллетендин тексти бекитилгенден кийин жарыштан четтөө чечимин кабыл алса, ага айып салынат,… Кененирээк…

“Улуттук энергохолдинг” жоюлуп, акциялары Энергетика министрлигине өтөт

“Улуттук энергохолдинг” жоюлуп, акциялары Энергетика министрлигине өтөт. Бул тууралуу ведомствонун басма-сөз кызматынан билдиришти. Компанияны жоюу токтом долбооруна Энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов кол койду.   Мындай чечим энергетикалык компаниялардын чыгымдарын азайтуу, эффективдүү башкарууну киргизүү максатында кабыл алынды.   Холдинг жоюлса,  70 миллион сомдон үнөмдөлө… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ушул жумада аяктайт

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ушул жумада аяктайт.   Билим берүү министрлигинен эске салышкандай, 11-класстын окуучулары 7-апрелге чейин өз мектептеринде, өткөн жылдагы бүтүрүүчүлөр райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө катталат. Каттоо онлайн жүргүзүлөт.   Белгилеп кетсек, негизги жана ар бир предметтик тесттин баасы быйыл 100 сомго… Кененирээк…

Апрель айы Кыргызстанда жылуу жана жаан-чачындуу болот

Апрель айы Кыргызстанда жылуу жана жаан-чачындуу болот. Синоптиктердин маалыматына караганда, бул айда республиканын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы нормадан 2 градуска жогору болот.   Өлкөнүн түндүк аймактарында абанын минималдуу температурасы түнкүсүн 4…6 градус жылуу болсо, күндүз кээ бир күндөрү 28 градуска чейин ысышы күтүлөт. Түштүктө аба… Кененирээк…

Бишкектен Сеулга туруктуу аба каттамы ачылат

Бишкектен Сеулга туруктуу аба каттамы ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, кореялык авиакомпания Сеул – Бишкек – Сеул багыты боюнча түз каттамдарды июнь айында ачууну пландап жатат.   Белгилеп кетсек, Түштүк Кореянын борборуна туруктуу каттамдар биринчи жолу… Кененирээк…

Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу дагы узартылды

Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу дагы узартылды.   Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, ордо калаанын Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки аралыкта, Жогорку Кеңештин имаратынын жана президенттин администрациясынын алдында, аларга жакын Панфилов паркында 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө болбойт.   Мындан тышкары Таттыбүбү… Кененирээк…

Ата мекендик авиакомпания Москвага жаңы каттамдарды ачты

Ата мекендик авиакомпания Москвага жаңы каттамдарды ачты. Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинен билдиришти.   Жергиликтүү компания Бишкек — Москва — Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдарды жумасына эки жолу, шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарат.   Биринчи рейс 30-апрелден тарта жеткиликтүү.

Улуттук банк валюта рыногуна дагы 45,2 млн доллар сатты

Улуттук банк 31-мартта валюта рыногуна 45 миллион 200 миң доллар сатты.   Муну менен өлкөнүн башкы каржы мекемеси жыл башынан бери алты жолу интервенция жасап, валюта базарына 307 миллион 370 миң доллар чыгарды.   Белгилеп кетсек, интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.… Кененирээк…

Мектепке 1-класска электрондук каттоо 10-апрелде башталат

Биринчи класска мектепке электрондук каттоо 10-апрелде башталат. Билим берүү министрлиги билдиргендей, ал эки этапта жүргүзүлөт.   Биринчисинде туруктуу жашаган жери боюнча 25-июнга чейин, экинчи этапта жашаган жерине карабастан 26-июндан 31-августка чейин.   Электрондук каттоо mektep.edu.gov.kg сайтында жүргүзүлөт.

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, 4-апрелде эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейин Фрунзе көчөсү, Манас, Жибек Жолу проспектилери, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү менен чектешкен аймакта таза суу болбойт. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Аталган аймакта жайгашкан турак үйлөрдүн тургундары… Кененирээк…