Жумгалда 100дөн ашык үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

Жумгалда 100дөн ашык муктаж үй-бүлө «социалдык контракт» долбоорунун алкагында 100 миң сомдук сертификаттарды алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда 30 жаранга сертификат тапшырылды. Каражат алгандар жеке ишкерлик баштап, жакырчылыктан чыгууга аракет кылыш керек.