Бишкектин айрым райондорунда 6-апрелде суу болбойт

Бишкектин айрым райондорунда 6-апрелде суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 20:00гө чейин Панфилов, Манас, Фрунзе көчөлөрү, темир жол линиясы менен чектешкен аймакта жайгашкан турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.