Кара-Сууда 250 муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы жалпы мечиттерде масштабдуу кайрымдуулук иш-чаралары уюштурулууда.

Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата район боюнча жалпы 249 аз камсыз болгон, оорулуу жана жалгыз бой энелерге ун, өсүмдүк майы сыяктуу зарыл азык-түлүктөрдөн турган жардамдар таратылды.

Жардамдын жалпы суммасы 563 300 сомду түзөт.