Кыргызстанда 1-кварталда 54,5 миллиард сом салык чогултулду

Мамлекеттик салык кызматы январь-март айларында 54 млрд 589,3 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз бөлүмү билдирди.   Маалыматка караганда, белгиленген план 1,3 млрд сомго ашыгы менен аткарылган. 2022—жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 млрд сомго көп жыйналган. Анын ичинде 40 млрд 40… Кененирээк…

Бишкекте Горький көчөсүнүн аталышы өзгөрүшү мүмкүн

Бишкекте Горький көчөсүнүн аталышы өзгөрүшү мүмкүн.   Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда сунуш шаардык бийлик органдары тарабынан талкууланууда.   Маалыматка ылайык, Максим Горький көчөсү Шейх Заид бин Султан Аль Нахаян деп өзгөртүлүшү мүмкүн. Нахайян – Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти болгон.

Быйыл Ошто коомдук транспорт үчүн 9 жаңы аялдама курулат

Быйыл Ошто коомдук транспорт үчүн 9 жаңы аялдама курулат.   Жергиликтүү мэриянын маалыматына караганда, алар “Коопсуз шаар” долбоорунун нормаларына ылайык орнотулат.   Аялдамалар эл көп чогулган жерлерде пайда болот.

Транспорт министрлигинин алдында жол белгилерин чыгарган цех ачылды

Транспорт министрлигинин алдында жол белгилерин чыгарган цех ачылды.   Мекеменин маалыматына ылайык, жабдуулардын бардыгы Россиядан алып келинген. Устакана күнүнө 200дөн ашык жол белгисин чыгара алары айтылды.   Белгиленгендей, 7-10 жылга чейин жарамдуу жол белгилеринин баасы жеке компанияларга караганда кыйла арзан болот.   Кошумчаласак, буга чейин… Кененирээк…

Александр Крестинин башкы машыктыруучу кызматынан кетти

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кызматын тапшырды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, ал кызматтан өз каалоосу менен кетти.   Крестинин бул боюнча комментарий бере элек.   Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча курамасын 2014-жылдан бери машыктырып келген.

«Айыл чарбасын каржылоо – 11» долбоорунун алкагында 380 млн сом насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо – 11» долбоорунун алкагында жыл башынан бери 380 миллион сом насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.   Насыя эки категорияда берилди. Өсүмдүк өстүрүү боюнча жалпы 69 млн 379 миң сомго 157 насыя, ал эми мал чарбачылыгы категориясында жалпы 310 млн… Кененирээк…

Караколдо №11 мектеп-гимназиясынын жаңы корпусу курула баштады

Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясынын башталгыч класстар үчүн корпусун куруу иши башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.   Эки кабаттан турган окуу корпусу 264 балага ылайыкталып, бардык шарттары менен курулат.   Курулушка Каракол шаарынын бюджетинен 49 млн сом каралды.

Үч же андан көп эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө 500 миң сом берүү сунушталды

Кыргызстанда үч же андан көп эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолу 500 миң сом сүйүнчү берүү демилгеси көтөрүлдү.   Тиешелүү токтом долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары сунушташты.   Документ парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында талкууланып, колдоо тапканы белгилүү болду.

Кыргызстанда “Google салыгы” менен бюджетке каражат түшө баштады

Кыргызстанда “Google салыгы” менен бюджетке каражат түшө баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, бир жылда электрондук түрдө кызмат көрсөткөн 39 чет элдик компания аралыктан салыктык каттоодон өтүшкөн. Алардын арасында Amazon, Google, Netflix сыяктуу белгилүү ишканалар бар.   Эске салсак, былтыр өлкөдө… Кененирээк…