Бишкекте Горький көчөсүнүн аталышы өзгөрүшү мүмкүн.
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда сунуш шаардык бийлик органдары тарабынан талкууланууда.
Маалыматка ылайык, Максим Горький көчөсү Шейх Заид бин Султан Аль Нахаян деп өзгөртүлүшү мүмкүн. Нахайян – Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти болгон.