Караколдо №11 мектеп-гимназиясынын жаңы корпусу курула баштады

Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясынын башталгыч класстар үчүн корпусун куруу иши башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

 

Эки кабаттан турган окуу корпусу 264 балага ылайыкталып, бардык шарттары менен курулат.

 

Курулушка Каракол шаарынын бюджетинен 49 млн сом каралды.