Александр Крестинин башкы машыктыруучу кызматынан кетти

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кызматын тапшырды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ал кызматтан өз каалоосу менен кетти.

 

Крестинин бул боюнча комментарий бере элек.

 

Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча курамасын 2014-жылдан бери машыктырып келген.