Ат-Башы ГЭСин жаңылоо иштери аяктады

Ат-Башы ГЭСин жаңылоо иштери аяктады.

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров станциянын ачылыш аземинде билдиргендей, реконструкциялоонун негизинде ГЭСтин кубаттуулугу 40 мегаваттан 45,7 мегаваттка чейин жогорулайт.

 

Ал эми анын иштөө мөөнөтү 40 жылга чейин эсептелип, аймакты электр энергиясы менен туруктуу камсыздоого шарт түзүлөт. Белгилеп кетсек, долбоорду ишке ашырууга 25 миллион доллар жумшалды.