Бишкектеги №47 колониянын ордуна курула турган турак жайдын бир чарчы метри 550 доллардан ашпайт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Аида Төлөгөнова билдирди.
Анын айтымында, батирлер толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, ачкычы менен кошо сатылат. Бул жерде дээрлик 9 гектар аянтка 11 турак жай же 5 миңден ашык батир салынат.
Ошондой эле комплексте бала бакча, мектеп, унаа токтотуучу жай, спорт аянты жана жеке буу казаны болот деп пландалууда.