Экологдор Ысык-Көлдө суунун сапатын текшерет

Экологдор Ысык-Көлдө суунун сапатын текшерет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, көлдүн суусу бардык нормаларга жана талаптарга жооп береби же жокпу текшериш үчүн проба  24 түйүндөн алынат. Кошумчалап кетсек, Ысык-Көл суусу жылына 3 ирет текшерилет – туристтик сезонго… Кененирээк…

Улуттук банктын алтын кору 2,4 миллиард сомго төмөндөдү

Апрель айында Улуттук банктын кору 2 миллиард 446,8 миллион сомго азайды. Башкы банктын сайтындагы маалыматтар: апрелдин башына карата — 86 миллиард 950,4 миллион сом; майдын башына карата — 84 миллиард 503,6 миллион. Эмнеге мындай болуп түшүп кеткени түшүндүрүлгөн эмес. Алтын менен доллардын курсу кандай болуп… Кененирээк…

Ош шаарындагы Раимбеков көчөсү толук оңдоодон өткөрүлөт

Ош шаарындагы Раимбеков көчөсү толук оңдоодон өткөрүлөт. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, анын Масалиев проспектисинен Кара-Суу көчөсүнө чейинки тилкеси калыбына келтирилет.   Бул жерде асфальттын жаңы катмары төшөлүп, тротуарлар курулат. Андан тышкары, шаарды көрктөндүрүү максатында Раимбеков көчөсүндө жөө жүрүүчүлөр аймагын түзүп, отургучтар, таштанды челектери жана көчө… Кененирээк…

Кыргызстанда уйдун эти 2 жумада эле 6 сомго кымбаттады

Кыргызстанда уйдун эти 2 жумада эле 6 сомго кымбаттады. Мындай маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү. Ага ылайык, 30-апрелде аталган эт түрүнүн бир килограммы өлкө боюнча орто эсеп менен 542 сомдон сатылса, өткөн жумада баалар дээрлик 549 сомго жетти.   Ал эми өткөн жылдын ушул… Кененирээк…

Чек ара жаңжалында жабыркаган баткендиктерге 36,4 миллион сомго насыялары чийилди

Чек ара жаңжалында жабыркаган баткендиктерге 36,4 миллион сомго насыялары чийилди.   Андан тышкары, 324 миллион сомго барабар 230 кредит боюнча шарттар жеңилдетилди. Улуттук банктын маалыматына ылайык, жалпысынан каржы-кредиттик уюмдарга 500дөн ашык жарандан арыз келип түшкөн.   Мекемелер аларды изилдеп, банк мыйзамдуулугуна жараша чечим чыгаруусун улантууда.

Таласта сомдун 30 жылдыгына карата нумизматикалык көргөзмө өтөт

Улуттук банк сомдун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына карата Талас шаарында нумизматикалык көргөзмө өтөрүн билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара 17-18-май күндөрү саат 10:00дөн 15:00гө чейин Талас шаарындагы Көркөм сүрөт музейинде жана 23-25-майда Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын имаратында өтөт. «Көргөзмөгө башкы банк тарабынан чыгарылган нумизматикалык коллекциялык монеталар… Кененирээк…

Бишкектин №68 мектебинде спорткомлекс пайда болот

Бишкектин №68 мектебинде спорткомлекс пайда болот. Тендерди ордо калаанын капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Комплекстин курулушуна 93 миллион 400 миң сомдон ашык багытталат.   Анда өзүнүн буу казаны болот. Андыктан, аткаруучу компаниянын курулуштагы тиешелүү тажрыйбасы  болушу зарыл.

Кыргызстанда медициналык китепче санариптештирилди

Кыргызстанда медициналык китепче санариптештирилди. Эми жарандардын ден-соолугу тууралуу маалымат «Түндүк» мамлекеттик порталына жайгаштырыла турганын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев билдирди.   Бул үчүн жарандар порталдан жеке кабинет аркылуу “Ден соолуктун санарип профили” бөлүмүнө кириши керек.   Ал жерде кайсы бейтапканада катталганы, майыптыгынын бар-жогу… Кененирээк…

Түркияда шайлоонун экинчи туру 28-майга белгиленди

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 28-майда өтө турганы расмий жарыяланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмет Йенер билдирди.   14-майдагы шайлоонун жыйынтыгында азыркы президент Режеп Тайып Эрдоган 49% көбүрөөк добуш алды. Анын негизги атаандашы, оппозициялык блоктон ат салышкан Кемал Кылычдароглуну шайлоочулардын 45% жакыны колдоду.… Кененирээк…