Кыргызстанда медициналык китепче санариптештирилди

Кыргызстанда медициналык китепче санариптештирилди. Эми жарандардын ден-соолугу тууралуу маалымат «Түндүк» мамлекеттик порталына жайгаштырыла турганын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев билдирди.

 

Бул үчүн жарандар порталдан жеке кабинет аркылуу “Ден соолуктун санарип профили” бөлүмүнө кириши керек.

 

Ал жерде кайсы бейтапканада катталганы, майыптыгынын бар-жогу көрсөтүлөт. Ошондой эле вакцина алганы, ПЦР-анализдери, ооруканада дарыланып чыкканы, лабораториялык анализдери жана камсыздандырылганы тууралуу маалымат жайгаштырылган. Бул маалыматтар юридикалык күчкө ээ.