Чек ара жаңжалында жабыркаган баткендиктерге 36,4 миллион сомго насыялары чийилди.
Андан тышкары, 324 миллион сомго барабар 230 кредит боюнча шарттар жеңилдетилди. Улуттук банктын маалыматына ылайык, жалпысынан каржы-кредиттик уюмдарга 500дөн ашык жарандан арыз келип түшкөн.
Мекемелер аларды изилдеп, банк мыйзамдуулугуна жараша чечим чыгаруусун улантууда.