Кыргызстанда уйдун эти 2 жумада эле 6 сомго кымбаттады

Кыргызстанда уйдун эти 2 жумада эле 6 сомго кымбаттады. Мындай маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү. Ага ылайык, 30-апрелде аталган эт түрүнүн бир килограммы өлкө боюнча орто эсеп менен 542 сомдон сатылса, өткөн жумада баалар дээрлик 549 сомго жетти.

 

Ал эми өткөн жылдын ушул мөөнөт аралыгы менен салыштыра турган болсок, уй эти 67 сомго кымбаттады.

 

Учурда эң жогорку баа Бишкекте – 571 сом, эң арзан Манас районунун Покровка айылында катталды, бул жерде уй этинин бир килограммын 472 сомдон сатып алса болот.