Жогорку Кеңеште мал жандыкка салык киргизүү сунушталды

Жогорку Кеңеште мал жандыкка салык киргизүү сунушталды. Салыкты 40тан ашык кой-эчкиге, 3төн ашык ири мүйүздүү малга жана экиден ашык жылкыга ээ жарандар төлөйт.   Күтүлгөндөй, ар бир кой үчүн жылына 100 сомдон, ал эми ири мүйүздүү малга же жылкыга 250 сомдон алынат. Анын ортосунда бул… Кененирээк…

Кыргызстандын түштүгүндө сел жүрүшү мүмкүн

  Кыргызстандын түштүгүндө сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Эртең, 24-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.   Мындан улам, жарандарга этият болуу сунушталат.

“Акыркы коңгуроодо» жол инспекторлору күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

“Акыркы коңгуроо” салтанатына байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Учурда мугалимдер менен мектеп бүтүрүүчүлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.   Мындан тышкары, 25-май күнү шаардын чет жактарына атайын күзөт посттору орнотулуп, өспүрүмдөрдү ташыган унаалар текшерилет.   “Акыркы коңгуроо” күнү мектептеги салтанаттуу линейкадан… Кененирээк…

Оштон Красноярскка үзгүлтүксүз авиакаттамдардын саны көбөйдү

Оштон Красноярскка үзгүлтүксүз авиакаттамдардын саны көбөйдү. “Манас” аэропортунан билдиришкендей, каттамдар ата мекендик авиакомпания тарабынан жумасына 1 жолу — дүйшөмбү күндөрү аткарылат.   Буга чейин Ош – Красноярск – Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз рейстер аптасына 4 жолу аткарылып келген.

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 24-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт, ошондой эле жолдор тайгак болуп муз тоңот.   Кооптуу тилкерлердин тизмесине Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусу… Кененирээк…

Ленин округунан депутат шайлоого дээрлик 125 миң бюллетень даярдалды

Ленин бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого бюллетендерди даярдоо иштери аяктады.   Боршайкомдон билдиришкендей, жалпысынан 124 миң 810 бюллетень даярдалды. Тагыраагы, кыргыз тилинде 62 миң 405, орус тилинде да ошончо санда жана Брайль арибинде 51 бюллетень басылып чыкты.   Эске салсак, Бишкектин Ленин районунан… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин Токтогул № 2, 8, 10, 12, 20, 22, 24, 26, 28, 30, 32, 34, Алыкулов, Б.Сейил №117, 79а, 79б, 77, 2, Ч… Кененирээк…

Ошто жаңы салынган тротуарлардын 60 пайызы жараксыз экени айтылды

Ошто жаңы салынган тротуарлардын 60 пайызы жараксыз. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык кенештин атайын түзүлгөн депутаттык комиссиясы билдирди.   Түштүк борбордогу жөө жүргүнчүлөр үчүн салынган жолдун сапаты текшерилгенде, айрым жерлеринде чөп чыгып, кээ биринде асфальт урап түшкөнү аныкталган. Кемчиликтерди калыбына келтирүү үчүн тиешелүү мекемелерге эки ай… Кененирээк…

Ленин округунан депутат шайлоо учурунда милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Ленин бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо учурунда милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, аталган район боюнча жалпы 51 тилкеде ИИМ кызматкерлери тарабынан координациялоочу жумуштар жүргүзүлөт.   Эске салсак, Бишкектин Ленин районунан парламент депутатын шайлоо ушул жекшемби,… Кененирээк…

Кыргызстандан сыртка автоунаа сатуу 12 эсе көбөйдү

Кыргызстандан сыртка автоунаа сатуу 12 эсе көбөйдү.   Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, быйыл январь-март айларында чет өлкөлөргө 3 миң машине сатылды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12 эсе көп.   Алсак, 2022-жылы үч айда болгону 160 автоунаа сыртка сатылган. Башка мамлекетке сатылган унаалардын… Кененирээк…