Өкмөт тарабынан мамлекеттик ишканаларга көзөмөл күчөтүлөт

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров мамлекеттик ишканалардын, өнүктүрүү фонддорунун жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун ишин талкуулаган жыйын өткөрдү. Анда акционердик коомдор үчүн бирдиктүү отчеттуулук формасын иштеп чыгуу жана бекитүү, көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди. Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйында жана II кварталда республикалык бюджеттин аткарылышына… Кененирээк…

Шайлоого катышуудан дагы бир талапкер баш тартты

Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуудан талапкер Бакытбек Мураталиев баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдап, ал шайлоого катышпасы тууралуу Боршайкомго шайлоо бюллетени басылып чыккандан кийин маалымдаганы үчүн, 100 миң сомдук күрөөнү кайтарылбай турганын билдирди. Аталган аймактан… Кененирээк…

Ош шаарын көрктөндүрүү багытында беш чоң долбоор башталды

Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында беш чоң долбоор башталды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди. Курулуш иштери Нурматов көчөсүнөн баштап Алишер Навои көчөсүнө чейинки аралыкта жүрөт. Аталган долбоорлор бир жылдын ичинде ишке ашырылары белгиленди. Жасала турган иштер: Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бекемдөө (2-этап); Султан Ибраимов… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы июндун ортолорунда белгилүү болот

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы июндун ортолорунда белгилүү болот. Бул тууралуу бизге Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.   Анын айтымында, тесттин жыйынтыгы бир айдан кийин чыгарылып, абитуриенттерге сертификаттар райондук билим берүү борборлорунда тапшырылат.   Эске салсак, ЖРТнын биринчи этабы 19-майда… Кененирээк…

Төө-Ашуудагы туннелде июнга чейин унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип турат

Төө-Ашуудагы туннелде июнга чейин унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, 28-июнга чейин Бишкек – Ош жолунун Көлбаев атындагы туннелге тиешелүү 129-131-чакырымдарында электр чубалгыларын өткөрүү жана жарыктандыруу системасын орнотуу иштерине байланыштуу күн сайын таңкы… Кененирээк…

Кыргызстандыктар көбүрөөк кичи насыяларды алып баштады

Кыргызстандыктар көбүрөөк кичи насыяларды алып баштады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жылдын биринчи кварталында  190 миң адам кредит алды.   Берилген жалпы сумма 11 миллиард сомго жетет. Өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, кичи насыя алгандардын саны 27 пайызга өстү.   Банктардан акча алгандардын… Кененирээк…

Бишкекте бүтүрүү кечелерин түнкүсүн жана кечкисин өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкекте бүтүрүү кечелерин түнкүсүн жана кечкисин өткөрүүгө тыюу салынды. Мэриядан белгилешкендей, мектепти аяктоо боюнча бардык иш-чаралар 25-майда эртең мененки саат 9да өтөт.   Майрамдоого ата-энелерден акча чогултууга болбойт. Билим берүү департаментинин жана райондук борборлордун кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт жүргүзөт. Мектеп тарабынан кандайдыр бир бузуулар аныкталса, директорду… Кененирээк…

Талас районунда жаңы мектеп курулууда

Талас районунда жаңы мектеп курулууда. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси Бал-Бал айылында жайгашып,  2 кабаттан турат.   Анда окуу процессине ккеректүү бардык зарыл нерселер каралган, ашкана, спорт жана акты залдары дагы бар. Учурга карата курулуш иштери дээрлик 90 пайызга аяктап калды.… Кененирээк…

Ош облусунда чакан ГЭС пайда болду

Ош облусунда чакан ГЭС пайда болду. Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объект Ноокат районунда жайгашат. Станцияны жеке ишкерлер курду.   Ошондой эле аймакта дагы бир кичи ГЭСтин курулушу башталды. Жергиликтүү бийлик инвесторлорго бардык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр, дешти облусадминистрациясынан.

Жалал-Абадда нөшөрлөгөн жаан сел жүрүүгө алып келди

Жалал-Абадда нөшөрлөгөн жаан сел жүрүүгө алып келди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, ылай аралаш масса Авлетим, Кара-Суу жана Кызыл-Туу айылында жүрдү.   Жыйынтыгында суу 48 турак-жайды, 2 социалдык объектини каптады. Андан тышкары, ички чарбачылык жолдор жуулуп, 10 кой жана 2 жылкы сууга агып кетти. Жеринде… Кененирээк…