Ленин округунан депутат шайлоого дээрлик 125 миң бюллетень даярдалды

Ленин бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого бюллетендерди даярдоо иштери аяктады.

 

Боршайкомдон билдиришкендей, жалпысынан 124 миң 810 бюллетень даярдалды. Тагыраагы, кыргыз тилинде 62 миң 405, орус тилинде да ошончо санда жана Брайль арибинде 51 бюллетень басылып чыкты.

 

Эске салсак, Бишкектин Ленин районунан парламент депутатын шайлоо ушул жекшемби, 28-майда өтөт. Ага 30 талапкер катышууда.