Ошто жаңы салынган тротуарлардын 60 пайызы жараксыз экени айтылды

Ошто жаңы салынган тротуарлардын 60 пайызы жараксыз. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык кенештин атайын түзүлгөн депутаттык комиссиясы билдирди.

 

Түштүк борбордогу жөө жүргүнчүлөр үчүн салынган жолдун сапаты текшерилгенде, айрым жерлеринде чөп чыгып, кээ биринде асфальт урап түшкөнү аныкталган. Кемчиликтерди калыбына келтирүү үчүн тиешелүү мекемелерге эки ай убакыт берилгени кабарланды.

 

Белгилеп кетсек, калаадагы тротуарларды оңдоп-түзөө иштери былтыр башталган. Бул үчүн республикалык бюджеттен 150 миллион, жергиликтүү казынадан 30 миллион сом жумшалган.