Быйылкы жылы инфляция болжол менен 10 пайызды түзөт

Быйылкы жылы инфляция болжол менен 10 пайызды түзөт. Бул тууралуу улуттук валютанын 30 жылдыгына арналган иш-чаранын жүрүшүндө өлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.   Ал белгилегендей, дүйнөдөгү азыркы кырдаалды эске алганда, кээ бир тобокелдиктер сакталып кала берет.   «Улуттук банк рынокко ар… Кененирээк…

Кыргызстанда эртеңден тарта аба табы бир аз салкын болушу күтүлөт

Кыргызстанда эртеңден тарта аба табы бир аз салкын болушу күтүлөт. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, бүгүн көпчүлүк аймактарда 40 градуска чейин ысып жатат. Ал эми 11-июнда температура 4-5 градуска төмөндөйт.   Эртеси эле, 12-июнда кайрадан аптаптуу күндөр кайтып келет, бирок, 40 градуска жетпейт, — дешет синоптиктер.

Улуу Британияда сыранын жыты менен дезодорант чыкты

Улуу Британияда сыранын жыты менен дезодорант чыкты. Продукцияда көмүртектин нейтралдуу сертификаты бар, пластикти камтыбайт жана 100 пайыз кайра иштетилүүчү таңгак менен жасалган.   Пиво даамданган атырдын баасы 15 фунт стерлинг же 1,5 миң сомдой каражатты түзөт.

Ош шаарында төрт суу сактагыч курулуп жатат

Ош шаарында төрт суу сактагыч курулуп жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, ар бир объект алты миң куб сууну батыра алат.   Муниципалитет курулуш иштеринин бүтүшү менен тургундарды таза суу менен камсыздоо маселеси чечилет деп ишендирүүдө. Бул айрыкча суу ташкындары жана сел учурунда актуалдуу болору белгиленди.

Чет мамлекетке чыгууну пландап жаткандар карызы бар-жогун текшерип алышы керек

Чет мамлекетке чыгууну пландап жаткандар карызы бар-жогун текшерип алышы керек. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, муну “Түндүк” порталында ишке ашырууга болот. Анда “Сот аткаруучулар аркылуу карыздарды текшерүү” кызматы онлайн форматта жеткиликтүү.   Ведомство карызды өз убагында төлөбөй коюу бир катар көйгөйлөрдү жаратып жатканын эскертет. Алсак,… Кененирээк…

Кыргызстандыктардын Казакстанда жүрүү тартибин жөнөкөйлөтүү талкууланды

Кыргызстандыктардын Казакстанда жүрүү тартибин жөнөкөйлөтүү талкууланды. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аталган маселе Ысык-Көлдө өткөн кыргыз-казак консулдук кеңешмесинин жыйынында сөз болду. Натыйжада тараптар жарандардын эки өлкөдө тең жүрүү режимин жөнөкөйлөтүү боюнча иштерди улантмай болду.   Эске салсак, жаңы жылдан тарта Казакстанда миграциялык талап жана эреже катаалдашкан.… Кененирээк…

Бишкектин борборунда эки гүлбакча пайда болот

Бишкектин борборунда эки гүлбакча пайда болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Белгиленгендей, гүлбакчалар Түгөлбай-Ата көчөсүнүн Раззаков көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүнө, ошондой эле Түгөлбай-Ата жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишине уюштурулат.

Кадамжайда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери башталды

Кадамжайда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери башталды. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, түшүмдүүлүк гектарына 28 центнерден алынууда.   Маалыматка ылайык, быйылкы жылда облус боюнча 26 миң 800 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген болсо, анын 6 миң 90 гектардан ашыгы күздүк эгин, 20 миң 700дөй гектары… Кененирээк…

Кыргызстан менен Өзбекстан тез бузула турган азык-түлүккө «жашыл коридор» ачууну сүйлөштү

Кыргызстан менен Өзбекстан тез бузула турган азык-түлүккө «жашыл коридор» ачууну сүйлөштү. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул боюнча Ташкенттеги элчи Муса Жаманбаев коңшу мамлекеттин Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүү комитетинин төрагасы Бахромжон Наркобилов менен жолугушууда сөз болду.   Мындан тышкары, эки өлкөнүн айыл чарба товарын сыртка… Кененирээк…